Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 4 недели мурун

20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо объектилери, социалдык-тиричилик багытындагы жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Суу өчүрүлө турган аймактар: 3-кичи район, 4-кичи район, 5-кичи район, 7-кичи район, 8-кичи район, 9-кичи район, 10-кичи район.

Көчөлөр менен чектелген аймак:
Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспектиси – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн дарыясы – Түштүк чоң Чүй каналы – Байтик баатыр көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Семетей көчөсү.

Суу өчүрүү суу тосмо орнотуу, суу өткөрмөнү башка жакка чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын-ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты