Бишкек шаарынын 148 жылдыгы белгиленет
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарынын 148 жылдыгы 29-апрелде белгиленет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 29-апрелде саат 18:00дө борбор шаардын “Ала Тоо” аянтында мэриянын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталат.
Саат 19:00дө аянт ачык асман алдында көркөм бий — профессионалдык жана ышкыбоз хореографиялык жамааттарды бириктирген «Вальс кечеси» конкурс-фестивалы башталат.
Майрамдык программа борбордун чыгармачыл жамааттарынын концерттик номерлери менен коштолот.
Бишкек мэриясы шаардын 148 жылдыгын белгилөөгө шаардыктарды жана шаардын меймандарын чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: .bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




