Бишкек шаарында ЖККУнун жыйыны өтөт
- 9 месяцев мурун
Буга чейин маалымдалгандай, бүгүн, 27-ноябрда, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өтөт.
Жыйынга Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары өттү.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында, кечээ, 26-ноябрда, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылып жатканы белгиледи
2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт, бул Уюмдун алкагындагы биргелешкен демилгелердин үзгүлтүксүздүгүн жана мындан аркы өнүгүшүн камсыз кылат.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтө турган саммитине Армения катышпай турган болду. Ошол эле кезде Армения мурда макулдашылган документтерге кол кое турганы айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




