Бишкек шаарында Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 24-марттан тартып,  Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш жумуштары башталды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө адамдар өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Шүкүров көчөсүндөгү көпүрө Жибек-Жолу проспектиси менен И. Ахунбаев көчөсүн байланыштырууда (Сүйүмбаев жана Кара-Дарыя көчөлөрүн темир жол аркылуу) маанилүү түйүн болуп эсептелет..

Мындан тышкары борбор шаарда Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Абдрахманов жана Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду.

Ага ылайык Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты