Бишкек шаардык сотунда Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасында видеого тартууга уруксат берилген жок

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы каралууда.

Жактоочу видео тартууга жана аудиожазууга уруксат берүү өтүнүчүн келтирди. Бирок соттук коллегия видео тартууга уруксат берген жок.

Мындан улам жактоочу соттук коллегиясына ишенбөөчүлүк көрсөттү.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген.

Биринчи Май райондук сот Орозайым Нарматованы 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты