Бишкек шаардык соту Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык сот Орозайым Нарматованы камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген.

Биринчи Май райондук сот Орозайым Нарматованы 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты