Бишкек-Москва багытында жүргүнчүлөрдү ташыган поезд кайрадан иштей баштайт

  • 1 неделя мурун

2025-жылы Бишкек-Москва багыты боюнча эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин кыймылын жандандыруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, ковид пандемиясы убагындагы чектөөлөр киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттабай калган. Ал эми пандемиядан кийин Россиянын Самара станциясына темир жол каттамдары жанданган.

«Пандемиядан кийин Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо башталып, Москвага жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер Кыргызстанга гана эмес, КМШнын башка өлкөлөрүнө да убактылуу токтотулган. Поезддердин 2025-жылга карата жаңы графигинде Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчүлөр каттамдарын калыбына келтирүү пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты