Оор жүк ташуучу унаалардын автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө чектөө коюлду
- 1 месяц мурун
Кыргызстанда күндүн ысышынан улам оор жүк ташуучу унааларга 1-сентябрга чейин асфальт жолдорго чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин берген маалыматында, абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дон кечки саат 20:00го чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат. Бул чектөө салынган жолдордун сапатын сактап, алардын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин уланат.
Бул чектөө төмөнкү учурларда иштебей тургандыгы айтылды:
- Жүргүнчү ташыган;
- Гуманитардык жардамды ташыган;
- Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган,
- Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган,
- Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча).
Министрлик тартипти сактабаган айдоочуларга айып пулдар салынарын эскертти.
Сүрөт: интернет булактары