Бишкек мэриясы санитардык полигондогу өрттүн себебин аныктоо боюнча тиешелүү органдарга кайрылды
- 1 неделя мурун
Кечээ, 30-ноябрда, Бишкек санитардык полигонунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө чыккан өрттүн себебин аныктоо боюнча Бишкек мэриясы тиешелүү органдарга кайрылды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
“Табигый өрт чыгуу ыктымалдыгы жок болгондуктан, Бишкек мэриясы окуянын себебин жана жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылды” деп билдирди борбор шаардын мэриясы.
Өрттү өчүрүү үчүн тез арада Бишкек шаардык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) эки өрт өчүрүү бригадасы, ошондой эле «Тазалык» жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканаларынын өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




