Украинадагы согушту айыптаган «Биринчи каналдын» экс-редактору Die Welt басылмасына ишке орношту

  • 2 года мурун

«Время» программасынын түз эфиринде Украинадагы согушту айыптаган «Биринчи каналдын» мурдагы редактору Марина Овсянникова германиялык Die Welt басылмасына ишке алынды. Маалыматка караганда, ал газета үчүн макалаларды жазып, Орусия жана Украина жөнүндө программалардын даярдалышына катышат.

Die Welt журналисттин алгачкы блогун жарыялады, анда ал согушка каршы позициясы үчүн соцтармактарда таландыда калганын баяндаган. Овсянникованын айтымында, мындан тышкары анын автоунаасынын дөңгөлөгүн жарып, фитнес-клубдагы картасын блоктоп салышкан.

Маалыматта Марина Овсянникова Орусиядан чыгып кеткен-кетпегени айтылган эмес. Буга чейин ал «өтө коркунучтуу» болсо да башка жакка кетпей турганын айткан.

Дүйшөмбүдө Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Украинадагы «атайын аскердик операцияны» колдобогондорду жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время» программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: «Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат» деген плакатты көтөрүп чыккан. Ал «Согушту токтоткула!» жана «Согушка жол жок!» деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Орусиянын Тергөө комитети «Орусия Куралдуу күчтөрү жөнүндө жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча териштирүү жүрүзүп жатат. Бул беренеде «жалган маалымат таратуу үчүн» 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты