Бир мандаттуу үч округда шайлоочулардын тизмеси такталды  

  • 3 месяца мурун

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлдү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме» порталында жайгаштырды — https://tizme.gov.kg/.

 №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча тизмедеги шайлоочулардын саны 91 057, анын ичинен 45 529 эркектер жана 45 528 аялдар же 50% жана 50%.

№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча тизмедеги шайлоочулардын саны 97 331, анын ичинен 47 541эркектер жана 49 790 аялдар же 48,84% жана 51,16%.

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 122 975, анын ичинен 52 271 эркектер жана 70 704 аялдар же 42,51% жана 57,49%.

Шайлоочулардын тизмелери 25-июнга чейин 175 шайлоо участкасына илинет.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты