Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өттү.

Узатуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, жакындары жана замандаштары катышты.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бекбосун Жайчыбеков мамлекеттик туунун авторлорунун бири болгон. Мамлекеттик туунун айланасындагы талаш-тартыштарда тайманбастан өз оюн билдирип келген.

Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды
Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды
Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды
Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды

Сүрөттөр: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты