Баткен ОИИБ Акыйкатчы институтунун маалыматын четке какты. Акыйкатчы институту бул боюнча эмне дейт?

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган милиция кызматкерлерине чара көрүлдү деп маалымат тараткан.

Ага ылайык, 14-апрелде Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жолболдуевага жолукканда Баткен ИИБ УКЖнын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескенин айткан. Ал Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага расмий кат жөнөткөн. Мындан улам Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине “катуу сөгүш” берилип, 1 жетекчилик кызматтагы кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган деп аталган институт маалымат жарыялаган.

Баткен ОИИБ Акыйкатчы институтунун маалыматы четке какты

Баткен ОИИБинен жазага тартылган милиция кызматкерлеринин блогер Батмакан Жолболдуеванын ишине тиешеси жок экенин билдиришти.

«Баткен РИИБинин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган. Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 15-апрель күнү корутунду чыгарат. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдөгү Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБинин кызматкерлеринин тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институ Баткен ОИИБ маалыматты бурмалап жатканын билдирди

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов «ПолитКлиника» медиасына Баткен ОИИБдин маалыматы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, Баткен ОИИБ Батмакан Жолболдуевага козголгон «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” кылмыш иши боюнча маалымат берип жатат.

«Батмакан Жолболдуева өзүнө кол салганы боюнча иш алып барганбыз. Ал моралдык басым болуп жатат деп бизге арызданган. Башкы прокуратурага кайрылдык. Алардан Баткен РИИБинин кызматкерлери жазаланды деген маалымат алганбыз. Баткен ОИИБи Батмакан Жолболдуевага мурдагы кылмыш иш боюнча байланыштырып жатат. Биз колун кескени боюнча айтып жатабыз. Алар маалыматты бурмалап койгондой берип жатат», — дейт Альберт Колопов.

Окуянын чоо-жайы

«Акипресс» маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

Буга чейин ал блогер Батмакан Жолболдуева менен пикир келишпестиктер орун алып жүргөнүн жарыялап келген. Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Батмакан Жолболдуева милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйууга аракет кылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты