Блогер Жолболдуеванын иши боюнча милиция кызматкерлерине чара көрүлдү

  • 2 года мурун

Блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган милиция кызматкерлерине чара көрүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

“AКИpress” маалымат агенттигинин журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча маалымат чыккан күндөн тартып, бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө экенин маалымдашты.

Акыйкатчы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүү талабы боюнча райондук прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө Баткен ОИИБнын башчысынын наамына сунуш келтирилген. Баткен ОИИБнын ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен РИИБинин 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине “катуу сөгүш”, ал эми Баткен РИИБнун коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына “ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу” тартиптик чара колдонулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты