Баткен облусунда жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 8-декабрда, саат 20:15те Баткен облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер силкинүү Баткен районунун Рават айылында 3,5 балл, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 3 баллга чейин сезилген

Жер титирөө Рават айылынан 12 чакырым түндүк чыгышта, Лейлек айылынан 17 чакырым түндүк чыгышта, Ак-Татыр айылынан 17 чакырым түндүк батышта, Баткен шаарынан 48 чакырым түштүк батышта болгон.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты