Баткен облусунда жер титиреди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-июнда, саат 00:07 мүнөттө Баткен облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Улуттук Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.  

Сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 6 км түштүк-чыгышта, Берик-Суу айылынан түштүк-батышта, Раззаков шаарынан 50 км түштүк-чыгышта, Баткен шаарынан 72 км түштүк-батышта болду.

Жер титирөөнүн күчү Өзгөрүш, Берик-Суу айылдарында 3,5 балл, Кызыл-Чарба айылында 3 балл, Катраң, Кара-Суу, Лейлек, Рават айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Сүрөт: Сейсмология институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты