Башкы прокуратура: «Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы 48 саатта каралат»

  • 2 года мурун

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы 48 саатта каралат. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди.

Кечээ. 2-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы кабарланган.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

Маалыматта айтылгандай, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган.

Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон. Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты