Бакыт Рысбеков үч жылда абактарда 151 киши каза болгонун айтты

  • 4 месяца мурун

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» программасында 2020-2022-жылдар аралыгында Кыргызстандагы жабык жайларда 151 киши каза болгонун билдирди.

Ал Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин №31 түзөтүү мекемесиндеги өлүмү жана абактардагы абал тууралуу талкууда коомго белгилүү адамдардын окуясы гана талкууга түшүп, карапайым кишилердин өлүмү көз жаздымда эле калып жатканын айтты.

«Былтыр беш суицид болду. Азыр ошол беш окуя боюнча териштирүү болдубу деген суроо турат. Же атагы чыккан адамдардын окуясына байланыштуу эле комиссия түзүлөбү? Ошол эле №31 түзөтүү мекемесинде ушул жылдын башында эле кургак учуктан бир киши каза болду. Былтыр 31-декабрда сокур ичегиден дагы бир киши өлүп атат. 21-кылымда сокур ичегиден өлөт деген болбой турган нерсе» деди ал.

Бакыт Рысбеков дарты оор адамдар абакта жаза өтөөдөн бошотулат деген өкмөттүн токтому бар экенин, бул токтом былтыр бир эле жолу иштеп, төртүнчү баскычтагы рак менен ооруган аял эркиндикке чыкканын кошумчалады.

Бакыт Рысбековдун сөздөрү боюнча жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев «Азаттыкка» комментарий берип, жабык жайлардагы өлүмдөр, анын ичинде жыл башында кургак учуктан каза болду деген адамдын да иши иликтенип жатканын айтты.

«Каза болгон адамдар боюнча иликтөө жүрөт. Сөөгү моргго алынып барып экспертиза өткөрүлөт. Ал оорудан өлдүбү же башка себеп барбы аныкталышы керек. Кароосуз калбайт».

Аскат Эгембердиев ал эми Арстан Алайдын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө аяктай элек экенин айтты.

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Арстанбек Абдылдаев психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асынган абалда табылган.   

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстанбек Абдылдаев «диний кастыкты козуткан» деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага «социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган» деген айып коюлган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып жатышат.

Сүрөттө: Бакыт Рысбеков. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты