Бакай-Ата районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда
- 4 месяца мурун
20-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында сел жүрүп, турак жайларды жана айыл чарба багытындагы жерлерди суу каптады.
Ошол күнү саат 21:58де Талас шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, селдин кесепетинен 15-20 турак жайдын короо-жайларын ылай жана шагыл басып, майда 50 жандык өлгөн, болжол менен 16 гектар айдоо жер сел суусунан жабыркаган.
Сел кесепеттерин жоюу иштерине 85 киши тартылган, алардын арасынан 40 киши – куткаруучулар.
Ал эми техникадан – айыл өкмөтүнөн 4 мотопомпа суу чарба кызматынан 2 инженердик техника жана төрт ассенизатордук унаа тартылган.
Бала бакча, оорукана, көп кабаттуу жана жеке 13 турак жай сел сууларынан тазаланды.
Бакай-Ата районунун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.
Сүрөт: Соцармактагы видеодон




