Байсаловдун Парижден жазган салам каты. “Кыларга иши жок Фейсбукта отургандарды биз моралдык жактан басышыбыз керек”

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Парижде, Олимпиада айылчасында туруп, Фейсбук баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кат жолдоду. Анда ал «спортчулар ачка калыптыр» деп маалымат тараткандарды айыптап, антип жазгандарды тескери жүргөндөр, акмактар, макоолор, ээнооздор, жашоосуна нааразы, акылдан адашкан, психикалык жактан оорулуулар деп атап, Фейсбукта отургандарды моралдык жактан басуу керектигин жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун билдирди.

Эдил Байсалов Парижден жазган салам катында мындай деди:   

“Роллан Гаррос аренасына келген кыргыздар менен (алардын арасында Акжол жана Үзүр баатырларыбыз бар) кучакташып, бири-бирибизди куттуктап, сүйүнүчүбүзгө батына албай, кубанычыбыз төбөгө жетип чыксак, биздин телефондорго куттуктоолордун ордуна, тынчсызданууну билдирген Фейсбуктагы постторду жөнөтүшүп, “Париждеги кыргыз балбандар ачка калыптыр, мына карагылачы “роллтон” жеп атышат, аларды караган киши жок” деген каттар телефондогу кат куржунга толуп калыптыр.

“Париждин четиндеги Роллан Гарростон элчинин Эйфель мунарасынын тушундагы үйүнө жеткиче жарыктык киши пост жазып “балдар ачка калса менден ар бирине миңден евро” деп ийгенге үлгүрүптүр. Килейген МОК өткөзүп аткан Олимпиадага, он миң атлет жайгашкан Олимпиада айылындагы тамак- аш уюштуруу маселесине элчинин кандай тиешеси бар деп сурап койгонго киши жок…”

“Түнкү саат бирден кийин Париждеги кыргыздар чогулуп алып, капа болдук, ачууландык, ичибиз күйдү, ардандык” дептир Байсалов салам катында.

“Олимпиадада болуп- болбогондой ийгилик жаралып атса, элибиз кубанчына батына албай атса, намыска толуп, сыймыгынан көзүнө жаш тегеренип турган элди бир ууч топ бузуку бузукулугун кылып, жанагыдай фейктерди таратып, маанайды тескери бургандары чыккынчылык эмей, анан эмне?” деп кейиди Байсалов.  

“Эми ушундай эң керемет күндөрү айрымдар жалган фейк видеолорду, сөздөрдү таратып, жалпы улуттун биримдигине доо кетиргендерин биз качанкыга чейин “сөз эркиндиги” деп көрүшүбүз керек”…

“Тескери жүргөндөр, кераяктар, акмак, макоолор дайым болгон. Бирок мурда мындай келжиректердин сөзү ошол бактысыз үйүндө же короодогу үч кемпир отурчу орундукта эле калып, алардын ашканасынан чыкпаса, буларга жаңы технология жалпы элдин жашоосун бузганга мүмкүнчүлүк түзүп берип койду».

«Улутубуздун маанайын бузуп, жалганды таратуу жөн эле ээнооздук эмес. “Жек көрүүчүлүктү козгоо («Разжигание розни”) деген кылмыш-жаза кодексиндеги эски беренени кайра карап чыгууга убакыт келип жетти. Жетишет. Мындай өзүнүн ички дартын коомго жайгандарды жайына койбошубуз керек»

«Алар жашоосуна нааразы жана акылдан адашкан психикалык оорукчандар”.

Байсаловдун Парижден жазган салам каты. “Кыларга иши жок Фейсбукта отургандарды биз моралдык жактан басышыбыз керек”

Социалдык тармактарда Парижде спортчулардын тамак-ашы начар болуп жатыптыр деп таратылган видеолор колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, аталган видео 2024-жылкы Азия чемпионатында тартылган деп билдирди: 

Социалдык тармактарда кыргызстандык спортчулар Парижде тамак жеп отургандары тууралуу жалган видео тарап жатат. Бул видео Парижде эмес, Бишкектеги муз аянтында тартылган. Ал жерде ушул жылы Азия чемпионаты өткөн. Биздин спортчулар дал ушул жерде күрөштөн кийин тамактанып, эс алып отурушкан. Андыктан, соцтармактарда тараган тасма жалган экенин билдирип кетким келет” деген министрдин орун басары Тагаев.

Ошентсе да Олимпиада айылчасында алгачкы күндөрү спортчулардын тамак-ашынын начар уюштурулуп жаткандыгы тууралуу да сөз болуп жүргөн.

Олимпиада айылчасынын тамак-ашы начарбы деген суроого Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарбагышев Госинфо телеграм каналына мындай деп жооп берген.

-Алгачкы күндөрү чындыгында эле Олимпиада айылчасында ашканаларда чоң кезек болуп жатты.  Уюштуруу комитети атлетчилердин арыз-муңун эске алып, тамак-ашы сапаттык жана сан жагынан да жакшыртылган.  Бир аз убакыттан кийин күрөш, бокс жана дзюдо машыктыруучуларынан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Машыктыруучулардын айтымында, салат, жер-жемиш, экинчи тамактар тиешелүү көлөмдө болуп калды. Ошондой эле Улуттук Олимпиада комитети кошумча улуттук тамактарды: сорпо, жаңы кайнатылган эт, тооктун этин бышыртышты».  

Олимпиада айылчасындагы тамак-аш тууралуу президент Садыр Жапаров да «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда мындай деген:

«Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз» деди Садыр Жапаров.

«Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу. Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы» деди мамлекет башчы Жапаров.

Парижде спортчуларын тамак-ашы начар болуп жатыптыр деп социалдык тармактарда тараган видео фейк болуп чыккан. Ошол эле кезде Олимпиада айылында алгачкы күндөрү тамак-аштын жетишпей жана начар уюштурулп жатканын кыргыз тарап гана эмес, чет өлкөлүк спортчулар да айтып, нааразы болуп чыккан фактылар бар. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн келген спортчулар да Олимпиада айылчасынын тамак-ашына нааразылыгын билдиришкен. Улуу Британия спортчулары эттин чала бышып калганын айтып, тамактануудан баш тартышкандыгы тууралуу да социалдык тармактарда сөз болууда.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Парижден жазган катына келсек, ушул катындагы бир мисал менен ал жалпы кыргызстандык фейсбук колдонуучуларга доо кетирип, тескери жүргөн, «кераяк, акмак, макоо, ээн ооз, жашоосуна нааразы болгондор, психикалык жактан оорулуулар” деп атады. Ал эми аларды жазалоо боюнча кылмыш-жаза кодексиндеги эски беренесин калыбына келтирүүнү сунушу жана Фейсбук колдонуучуларды биз моралдык жактан басышыбыз керек дегени үчүн бери дегенде кыргызстандык жалпы Фейсбук колдонуучулардан кечирим сурашы керек.

Буга чейин, бир жылга жакын убакыт мурда Эдил Байсалов «эмоцияга алдырганы үчүн» Жогорку Кеңештин үч фракциясы кызматтан бошотуу тууралуу маселе көтөргөнү белгилүү. Анда Байсалов: «… эмоцияга алдырып, кандайдыр ашыкча сөздөр болгон үчүн бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сураймын» деп депутаттардан кечирим сураган.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Баш сүрөт. Интернет булактарынан

Сүрөт: Эдил Байсаловдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты