Байден, Путин, Эрдоган, Си Цзиньпин. Кыргызстанды Эгемендик күнү менен дагы кимдер куттуктады?

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды чет мамлекеттердин башчылары куттукташты. Куттуктоолор Президенттин басма сөз кызматынын расмий сайтына жарыяланды.

АКШнын президенти Жозеф Байден Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы мамилелер саясий жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты, экономикалык өнөктөштүктү, жарандык коомду жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоону камтыган жалпы артыкчылыктарга таянып негизделгенин билдирген.

«Коопсуздуктун жана бакубаттуулуктун келечегин түзүү жолунда элдерибиздин ортосундагы байланышты жана ошондой эле достукту мындан ары чыңдоону чыдамсыздык менен күтөм”, — деп айткан ал куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктоо катында: “Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биздин мамлекеттер ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көптөгөн көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө. Биргелешкен аракеттер менен биз бардык тармактарда – дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара пайдалуу орус-кыргыз байланыштарын пландуу түрдө мындан ары да арттырабыз деп ишенем”, — деп айткан.

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган да президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган.

«Тарыхыбыз, тилибиз жана маданий баалуулуктарыбыз ортоктош болгон дос жана боордош Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныган өлкө болгондугубуз менен сыймыктанабыз. Эки тараптуу, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюму баш болгон көп тараптуу платформалардагы мамилелерибиз, Сиздин баалуу салымыңыз жана аракеттериңиз менен жыл өткөн сайын дагы да кеңейип жатканына абдан кубанычтамын»-деп айтылат куттуктоо катында.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап: «Үстүбүздөгү жылдын июль айында Астана шаарында Сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, Кытай жана Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу кызматташтык боюнча маанилүү жаңы консенсуска жетиштик жана кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы планын белгиледик. Кытай тарап кыргыз тарап менен саясий өз ара ишенимди тереңдетүүгө, бири-бирине бекем колдоо көрсөтүү жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы тагдырлардын коомчулугун — “Бир алкак, бир жол” курулушун туруктуу жана тереңдетүү үчүн биргелешип сапаттуу курууга даяр. Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми элине бакыт — таалай жана бакубатчылык каалайм», — деген.

Ошондой эле өлкө башчыны жана кыргызстандыктарды кошуна өлкөлөрдүн башчылары Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов 31-август Эгемендик майрамы менен куттукташкан. Мындан тышкары Азербайжандын, Беларусиянын, Египеттин, Ирандын, Кореянын, Сингапурдун, Германиянын, Италиянын, Австриянын, Грузиянын, Армениянын, Индиянын президенттери, Сауд Аравиянын, Бахрейндин, Испаниянын королдору, Япониянын императору, Венгриянын премьер-министри ж.б. куттуктоо каттарын жолдошкон.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты