Бүгүн Бишкектин бир катар райондорунда суу өчүрүлөт
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 19-июнда, саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын бир катар турак жай, мектеп, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо, социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу өчүрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүлчү райондор:
— Куйручук көчөсү – 7-апрель көчөсү – Достоевский көчөсү – Куланак көчөсү;
-Карадарыя көчөсү – Ахунбаев көчөсү – 7-апрель көчөсү – Улан кичи району-1 Улан-2;
— Күмүшалиева көчөсү – Алапаев көчөсү — Көлбаев көчөсү – Кийизбаева көчөсү — жогорку Көк-Жар.
Суунун өчүрүлүшү авариядан улам, түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу.
«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Схема: Бишкек шаар мэриясы




