Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-декабрда Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Азиз Мурадилаев жакында оор абалда Бишкектеги оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал гепатиттин «С» түрүнө чалдыгып, дарты боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген.

Азиз Мурадилаевди дарылоого каражат чогултуу акциясын жетектеген Ассоль Молдокматова Азиз Мурадилаевди тезинен дарылоого акча сурап, президент Садыр Жапаровго кат жазганын жана андан бир саат өтпөй, мамлекет башчы 42 миң доллар бөлүп бергенин билдирген.

 44 жаштагы Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты