Азия оюндарында Эрлан Шеров алтын медалга ээ болду
- 10 месяцев мурун
Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болду.
Спортчу 90 кг салмакта беттешти.
Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип, финалга жолдомо алган.
Чечүүчү беттеште өзбекстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жеңүүчү болду.
Бул — Азия оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү