Азимбек Бекназаров: Элдик курултай коомдук эмес, президенттик жыйын болуп кала турган болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров “АКИ-пресс” агенттигинде  маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйында Бекназаров элдик курултай маселесине да  токтолуп, курултай коомдук жыйын экенин айтты.

“Биз элдик курултайдын, демократиянын негизинде жашап келдик жана жоголгон жокпуз. Учурда президент жарлык менен чакырып жаткан Элдик курултай коомдук жыйын эмес, президенттик жыйын болуп калды. Коомдук жыйынды коомчулук чакырыш керек ” деди ал.

Ошондой эле, эл өздөрү шайлаган Президенттен чек ара, Кумтөр маселесин кантип чечип жатканын жана депутаттардан чыгарып жаткан мыйзамдарынын негизинде отчет алып, алардын ишине баа бериши керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык,ушул жылдын 25- ноябрында биринчи курултай өтөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты