Асман шаарынын презентациясындагы плагиат: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн эмгектерин көчүрүп алууга болбойт?

1-июнда “ПолитКлиника” медиасы Ысык-Көл облусунда курулуусу пландалып жаткан Асман шаарынын презентациясын анализдеп чыккан. Материалда презентацияда көрсөтүлгөн кадрлардын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынганы тууралуу баяндалат.  

“ПолитКлиника” медиасынын бул материалы жарык көргөндөн кийин интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, социалдык тармактын айрым колдонуучулары тийиштүү инсандардын жоопкерчиликсиздикке айыптаса, кээ бирлери муну “архитектурада аналог” деп, көчүрүп алуунун эч кандай маселе эмес экенин айтышкан. 

Асман шаарынын презентациясындагы плагиат: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн эмгектерин көчүрүп алууга болбойт?

“ПолитКлиника” медиасы плагиат тууралуу баяндап, эмне үчүн башка компаниялар иштеп чыккан дизайндарды колдонууга болбой турганын түшүндүрүп берет. 

Таж-Махалдан балдар ойноочу аянтчага чейин интернеттен көчүрүлгөн презентация 

30-июнда президент Садыр Жапаров  Асман экологиялык шаарынын курулушуна капсула салды.  “Асман Экосмарт Сити” шаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркад Али тааныштырды. Ал өз сөзүндө видео-презентация аркылуу келечектеги Асман шаары кандай болорун көрүүгө мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле иш-чарага келген конокторго видео-презентация көрсөтүлгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы анализдеп чыккандай, тогуз мүнөттүк Асман шаарынын презентациясында Индия, Корея, Индонезия жана башка өлкөлөрдүн пилоттук программаларынын анимациялары жана белгилүү курулуштарынын видеолору колдонулган. Жалпы жонунан Асман шаарында курулушу керек болгон 14 объекттин долбоору плагиат болуп чыкты.

Асман шаарынын презентациясындагы плагиат: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн эмгектерин көчүрүп алууга болбойт?

Белгилей кетсек, “Асман экологиялык таза шаар” долбоорунун пилоттук программасы 2021-жылы сунушталган. Шаар 500-700 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтылып, 7-10 жыл аралыгында курулуп бүтө турганы айтылган. Ал эми Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясы маалымдагандай, шаарды курууга Корея, Индия, Жапония сыяктуу мамлекеттерден инвесторлор тартылууда. Бирок инвесторлор тууралуу так маалымат бериле элек.

Мындан сырткары, инвестерлор менен кандай негизде келишимдер түзүлө турганы тууралуу дагы маалымат айтыла элек. 

Плагиат жана укуктук жоопкерчилик

Плагиат — бул башка бирөөнүн эмгегин же идеясын тиешелүү атрибуциясыз (шилтемесиз) пайдалануу жана чыгарманы же идеяны өзүнүкү катары көрсөтүү.

Жөнөкөй сөз менен айтканда плагиат башка бирөөнүн эмгегин сыйлабоо катары бааланат.

Плагиатттын автоплагиат, мозаикалык плагиат, кокустук плагиат деген өңдүү көптөгөн түрлөрү бар.

Эл аралык стандарттар боюнча илимий чөйрөдөн баштап, башка адамга же топко таандык болгон эмгекти колдонуу учурунда ага шилтеме берүү жана авторун көрсөтүү зарыл. 

Анткени видео, музыка, сүрөт, карикатура, композиция сыяктуу чыгармачылыктардын баары автордук укук тууралуу мыйзамдар менен корголот.

Мисалы, Кыргызстанда плагиат жана автордук укуктардын бузулушу “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынат. Аталган мыйзамдын 19-беренесинде автордун макулдугусуз жана автордук сыйакы төлөбөстөн туруп анын эмгегин пайдаланууга болбой турганы жазылган. Анткени бул көптөгөн талаш-тартыштарга жана келишпестиктерге жол ача турганы белгиленген. 

Эгер бул талап бузулуп, автордук укук сыйланбаса, “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамдын 48-беренесине ылайык,  граждандык, кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликке тартылат. 

Асман шаарынын презентациясындагы плагиат: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн эмгектерин көчүрүп алууга болбойт?

Дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде автордук укукту коргоо боюнча атайын мыйзамдар иштелип чыккан. 

Алсак, АКШнын “Автордук укук жөнүндөгү” мыйзамында автордук укук бузуулар үчүн жарандык жана кылмыш жазалары каралган. Ага ылайык, жарандык автордук укуктун бузулушуна күнөөлүү деп табылган ар бир адам 750 доллардан 30 миң долларга чейин айып пул төлөйт. Ал эми атайылап автордук укукту бузгандарга 150 миң доллардан 250 миң долларга чейинки айып пул салынат. 

Асман шаарынын презентациясында байкалгандай колдонулган видеолордун бирине дагы шилтеме берилген эмес. Ал эми видеолордун оригинал версияларын интернеттен жана сайттардан оңой эле табууга мүмкүн болгондуктан, алардын баары “плагиат” катары эсептелет. 

“ПолитКлиника” медиасында анализденип көрсөтүлгөн 14 объекттин жана пландалган курулуштардын авторлору өздөрүнүн автордук укуктары бузулганын билдирип эл аралык сотко кайрылууга укуктары бар.

Анткени автордук укук боюнча эл аралык мыйзам Берн конвенциясына мүчө өлкөлөрдүн баарына иштейт.

Берн конвенциясы чыгармаларды жана алардын авторлорунун укуктарын коргоону карайт. Ал үч негизги принципке негизделет жана берилген минималдуу коргоону аныктаган бир катар жоболорду, ошондой эле аларды колдонууну каалаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жеткиликтүү болгон атайын жоболорду камтыйт.

Кыргызстан автордук укук боюнча үч эл аралык келишими бар жана автордук укук боюнча Берн конвенциясына мүчө өлкө.

Андыктан, Кыргызстан башка өлкөлөрдүн авторлорунун эмгектерин көчүрүп ала албайт.

Эгерде Кыргызстандын жараны же бир уюм “Эл аралык автордук укук жөнүндө” мыйзамга каршы келе турган же укуктарын буза турган кадамдарды жасаса, Берн конвенциясынын тартибине жараша иш сотко өтүп, тиешелүү чаралар көрүлүшү мүмкүн. 

Мисалы, 2017-жылы британиялык Carte Blanche Greetings Ltd компаниясы Орусиядагы “Седьмой континент” акционердик коомун сотко берип, Москванын арбитраждык соту доогердин доосун жарым-жартылай канааттандырган. Белгилүү болгондой, Carte Blanche Greetings Ltd компаниясынын сотко берүүсүнө акционердик коомдун “Tatty Teddy” жумшак оюнчуктарынын дизайнын плагиат кылуусу себеп болгон. 

Мындай көрүнүштөр өтө кеңири жайылбаса да эл аралык аренада автордук укуктун бузулушу түрдүү мыйзамдар менен көзөмөлдөнөт. 

Асман шаарынын бүдөмүк геопланы

Асман шаарынын 2021-жылдагы пилоттук долбоорунда шаар асмандан караганда комуздун стилинде боло турганы айтылган. 

Асман шаарынын презентациясындагы плагиат: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн эмгектерин көчүрүп алууга болбойт?

Бирок дээрлик эки жылга жакын убакыт аралыгында шаардын геопланы таптакыр башкача болуп өзгөргөн. Мисалы, Таж-Махал мавзолей-мечити кайсы жерге курулат, ал эмне объект болот видеодо түшүндүрмө берилген эмес. Жада калса презентациядагы көрсөтүлгөн балдар ойноочу жайдын Австриянын Педерсдорф шаарындагы бала-бакчанын дизайнынын көчүрмөсү экени интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Мыйзам көчүрүү жана Кыргызстандагы плагиат көрүнүштөрү 

Плагиат кылуу коомдук турмуштун ар кандай чөйрөсүндө кездешет. 

Плагиат илимий чөйрөдөн баштап мыйзам чыгаруучу органдарга чейин жайылат. 

Мисалы, Center for Academic Integrity борборунун изилдөөсү көрсөткөндөй, студенттердин дээрлик 80%ы жок дегенде бир жолу плагиат жасай турганын моюнга алышат.

Ал эми аспирантура, докторантураны жактагандар да плагиатка айыпталган учурлар бар. Алсак, 2018-жылы “Диссернет” антиплагиатка текшерүү сайты Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекованын илимий ишинин 133 барагынын ичинен 129 барагы плагиат экенин таап чыгышкан.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо стратегиясы (акча-кредиттик жана фискалдык аспект)” аттуу диссертациясынын 48%ы плагиат экенин билдиришкен. 

Эл аралык стандарттарга ылайык, эгер илимий кызматкердин плагиат кылганы аныкталса, ал илимий даражасынан ажыратылат

Мындан сырткары, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын плагиат кылуу да көп кездешет.

Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө боюнча сунуштаган мыйзамы орусиялык диктатуралык мыйзамдын көчүрмөсү экени белгилүү болгон. 

Жыйынтык: Эл аралык автордук укукту бузуу мыйзам аркылуу жөнгө салынат. Ошондуктан автордун уруксатысыз интеллектуалдык чыгармачылыгын колдонуу мыйзамга каршы келет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты