Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: «Асман» шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган
- 1 год мурун
- Фактчекинг
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, инвесторлор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.
“Асман Экосмарт Сити” шаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркад Али тааныштырды. Ал өз сөзүндө видео-презентация аркылуу келечектеги Асман шаары кандай болорун көрүүгө мүмкүн экенин айткан (20:25). Ошентип иш-чарага келген конокторго видео-презентация көрсөтүлөт.
Долбоордун видеосу көрсөтүлгөндөн кийин Эрнис Жээнтаев аттуу активдүү Фейсбук колдонуучусу “Асман” шаарында курула турган объекттердин видеосунун көбү интернеттен алынганын жана башка өлкөлөрдүн имараттары чагылдырылганын жазып чыккан.
“ПолитКлиника” медиасы жогорудагы маалыматты текшерип, “Асман Экосити” шаарында курула турган имараттарды анализдеп көрдү.
Имараттардын уурдалган видеолору
“Асман” шаарынын видео-презентациясы «Ала-Тоо 24» телеканалынын (УТРК) YouTube каналында жарыяланган.
Тогуз мүнөткө созулган видеодо жаңы курулуп баштаган “Асман” шаары тууралуу маалымат берилип, анда салына турган имараттар тууралуу сөз болот.
Бирок видеонун башталышында эле башка өлкөлөрдүн белгилүү имараттарынын сүрөттөрү жана видеолору колдонулганын көрүүгө болот.
1. Мисалы, видеонун 47-секундасында “Асман” шаарынын “Акылдуу шаар” бөлүгү көрсөтүлгөндөн кийин дароо жакындатылып алынган арканын видеосу колдонулган.
А чынында бул арка “Индия дарбазасы” деген ат менен белгилүү болгон Нью-Дели шаарындагы белгилүү архитектуралык курулуш.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84786.jpg)
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84787.jpg)
3. Видеону андан ары улантсак, 1 мүнөт 41-секундасында кооз имарат көрсөтүлөт.
Бирок бул баарыбызга эле белгилүү болгон Дүйнөдөгү жети кереметтин бири — Тадж-Махал. Ал мавзолей-мечит, Индиянын Агра шаарында Джумна дарыясынын жээгинде жайгашкан.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84795.jpg)
4. Видеонун 2-мүнөтүнөн баштап 2:18 мүнөтүнө чейин үстү жашыл болгон имараттын видеосу көрсөтүлгөн. Чынында бул имарат Индонезиянын Пиру шаарында курулушу керек болуп, бирок жер маселелеринен улам курулушу токтоп калган Нурул Ясин мечитинин видеосу. Индонезиялык mitrotudey.com сайтынын маалыматына ылайык, Индонезиянын бийлиги аталган мечитти “деңизде калкып туруучу мечит болот” деп үмүт кылышкан. “Асман” шаарынын презентациясынын түшүндүрмөсүндө дагы “Дүйнөдөгү эң чоң жарымы сууда, жарымы кургакта боло турган” деп гана токтолуп, эмне имарат боло турганы жазылган эмес.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo1688151177.jpeg)
5. 3D видео-презентациянын 2:43 минутасынан баштап 3-минутасына чейин өзгөчө архитектуралык имаратты көрө алабыз.
Бирок бул имарат Кытайдын коммерциялык жана ишкердик борбору деп эсептелген Шэньчжэнь шаарынын Футянь районунда дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы сахналык искусство борборунун долбоору. Аталган долбоорду белгилүү европалык Zoboki Design & Architecture архитектуралык компаниясы иштеп чыккан.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84802.jpg)
6. Видеонун 3:17 минутасында «Жүк ташуучу комплекси бар логистикалык парктын объекти болот» деген титрларды коштоосунда имраттар көрсөтүлөт.
А бирок ачык булактардагы маалыматтар боюнча бул Англиядагы Рединг эл аралык логистикалык паркы.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo1688151418.jpeg)
Чынында бул имарат Түштүк Кореянын Сокчо шаарында жайгашкан Cassia аттуу мейманкананын видеосу.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo1688151510.jpeg)
8. Видеонун 4:31 мүнөтүндө заманбап вилла көрсөтүлгөн. Анда эч кандай жазуулар же белгилер көрсөтүлгөн эмес. Бирок видеонун түп нускасы Art Avision Ютуб каналындагы анимациялык видео болуп чыкты.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg711089902-84884.jpg)
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84806-1.jpg)
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo1688151743.jpeg)
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84808.jpg)
Видеону текшерип көргөнбүздө Ютубга 2013-жылы жарыяланган видеонун бир бөлүгү экени аныкталды. Видеонун баш сөзүндө «Катардагы Аль-Тумама спорттук-машыгуу комплекси» деп көрсөтүлгөн.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo1688151905.jpeg)
13. Видеонун жетинчи мүнөтүнөн баштап “Асман” шаарындагы балдар үчүн курула турган парктардын жана оюн аянтчаларынын анимациялары көрсөтүлгөн. Бул видеонун 7:11 мүнөтүндө көрсөтүлгөн балдар аянтчасы да интернеттен көчүрүлгөн.
Аталган балдар аянтчасы Австриянын Подерсдорф шаарында орун алган.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/msg-715698156-84810.jpg)
14. Видео-презентациянын 8:33 мүнөтүндө «Кызматкерлер жана коноктор үчүн турак-жай мунаралары жана мейманканалар болот» деген титрдын коштоосунда имараттын видеосу көрсөтүлөт.
Бирок бул дагы көчүрүлгөн болуп чыкты. Түп нускасы Бангалордогу турак-жай имаратынын долбоору.
![Таж-Махал, Индия дарбазасы, балдар аянтчасы: "Асман" шаарынын презентациясынын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынган](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/07/untitled-design-4-1060x1500.jpg)
Жыйынтык: 2023-жылдын 30-июнунда «Асман» шаарынын курулушун баштоо аземинде долбоор менен тааныштыруучу презентациянын жарымынан көбү көчүрүлүп алынган.