“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Тамчы – Баткен – Тамчы түз каттамын уюштурду

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 16-июлда, “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы Ысык-Көл жана Баткен облустарынын ортосунда Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча биринчи түз авиакаттамды аткарды.

Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому (ААК) билдирди.

Баткендин тургундары Ысык-Көлдүн жээгине түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал эми Ысык-Көл облусунун тургундары өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирине тез арада жете алышат.

Каттамдар жайкы туристтик сезон учурунда жума сайын бейшемби күндөрү аткарылып турат.

Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомдон башталат.

Сүрөт: «Кыргызстан аэропорттору» ААК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты