Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы Кыргызстанга келет
- 5 дней мурун
Бүгүн, 29-октябрда, Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы үчүн экинчи учактын келиши күтүлүүдө.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Dash 8,400 учагы канадалык DeHavilland Aircraft өндүрүүчүсүнүкү. Бул турбовинттүү эки кыймылдаткычтуу кыска аралыкка учуучу учак 80 жүргүнчүнү ташууга жана аларды 2000 миң километрге чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.
Улуттук авиакомпаниянын жаңы паркынын ишке кириши Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында жаңы баракты ачат деп белгиленүүдө.
6-сентябрда «Манас» эл аралык аэропорту» ишканасынын «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак Кыргызстанга келген.
Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү