Аскат Жетигендин соту сентябрга жылдырылды

  • 3 недели мурун

Акын Аскат Жетигендин соту 19-сентябрга жылдырылды. Анын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Шаардык сот акындын жактоочусу Самат Матцаковдун мурда корутунду чыгарган эксперттерди кайра башынан суракка алуу боюнча өтүнүчүн канааттандырып, сот процесси жылдырылды.

Кийинки соттук отурум 19-сентябрь күнү саат 16:00до башталары айтылды.

Эске сала кетсек, 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист Аскат Жетигендин массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен эле. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгоп, ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты