Арстан Алайдын өлүмүнө айыпталган абак кызматкерлеринин бири каза болду

  • 2 месяца мурун

Арстан Алайдын өлүмүнө айыпталып жаткан №31 тергөө абагынын бир кызматкери тергөө учурунда каза болду.

Бул тууралуу “Азаттык” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, шектүү үй камагында болгон. Ал Арстан Алайдын өлүмүнө айыпталып жаткан беш кызматкердин бири болгон.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголгон.

Ага кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан.

Коомчулукка Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдөгү №31 түзөтүү мекемесинин ашканасында асынган абалда табылган.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, 28-декабрда Арстан Алайды врач-психиатрдын сунуштамасы менен №31 түзөтүү мекемесине которушкан.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 2023-жылдын 15-декабрында “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалып, камалган эле.

Сүрөттө: Арстан Алай. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты