Арча-Бешик конушундагы үйдүн короосуна ташталган ымыркайдын энеси табылды

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосуна ташталган ымыркайдын энеси табылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө баласын таштоого шектелген, 2003-жылы туулган С.Ж. кармалды.

Арча-Бешик жаңы конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 19-ноябрда, саат 22:45 терде Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери келгенде желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы туулган ымыркайды табышкан. Баланын оозунда даарат кагазы да болгон.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайды №2 төрөт үйүнө алып барышкандыгы маалымдалды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча ымыркайды өлтүрүүгө аракет боюнча кылмыш ишин козгогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты