“Арашан” койлору: Баасы бир нече миң доллардан 100 миң долларга чейин турат   

  • 4 недели мурун

Кыргызстанда мал чарбачылыгын, өзгөчө кой чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында «арашан» породасындагы койлордун көргөзмө-парады өттү.

Бул тууралуу Суу ресурстары,  айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.   

Иш-чараны «Арашан» кой багуучулар ассоциациясынын Баткен жамааты уюштурду. Ага
Кыргызстандын жети облусунан келген фермерлер, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан да коноктор жана ишкерлер катышты.

Маалыматта айтылгандай, көргөзмөнүн максаты — Арашан породасынын артыкчылыктарын жайылтуу, фермерлер арасында тажрыйба алмашуу жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө дем берүү.

Иш-чаранын алкагында “арашан” породасындагы койлордун салмагына, боюна жана сырткы келбетине  жараша атайын конкурс өткөрүлдү. Калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган малдын ээлерине баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана атайын дипломдор тапшырылды.

Белгиленгендей, «арашан» породасы акыркы жылдары кыргыз бренди катары дүйнөгө тааныла баштады. Анын тез эт байлаганы, боюнун бийиктиги жана жергиликтүү климатка тез көнүшү фермерлердин кызыгуусун арттырууда.

Бүгүнкү күндө бул породадагы алдыңкы кочкорлордун баасы коомчулукту таң калтырып келет. Мыкты деп табылган айрым асыл тукум кочкорлордун баасы бир нече миң доллардан, жүз миң долларга чейин бааланып, мал чарбасындагы эң кирешелүү тармакка айланганы белгиленди.

Сүрөт: Айыл чарба министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты