Апасынын сатуу аракетинен корголуп калган кыргызстандык бала Екатеринбург шаарынан кайтарылды

  • 10 месяцев мурун

Ата-энесинин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган 2015-жылы туулган И. А. аттуу кыргызстандык бала Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу тарабынан КР эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен бирге Мекенине кайтарылды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылы аны Екатеринбург шаарында апасы тарабынан сатуу аракети болгон, мындай аракети үчүн апасы А.Н. 5 жылга соттолгон. Андан кийин бала ата-энесинин камкордугусуз калып, Орусиянын Свердлов облусундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылган.

Бул убакыттын ичинде Башкы консулдук тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жашы жете элек балага карата жана анын апасынын соттук териштирүүсүнө катышып, баланы Кыргызстанга кайтарып келүү үчүн документтерди даярдоо маселеси иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкеринин коштоосунда кыргызстандык И.А. аба каттамы менен Мекенине 1-июлда алынып келинди.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты