Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

  • 1 неделя мурун

Экс-депутат Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.Кезексиз парламенттик шайлоодо, 30-ноябрда, №19 округдан талапкер болгон.

Президенттин буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнч мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты