Алымкадыр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан бошотту
- 2 года мурун
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен министрликтин үч бөлүм башчысы кызматтан бошотулду.
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кызматтан бошотулгандар — юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева.
Аталган бөлүм башчылар пресс-конференцияда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу менен чыккандардын арасында болушкан.
Министрликтин басма сөз кызматы булар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулганын билдирди.
Пресс-конференцияда саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улукбек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев да министрлик Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотуу талабы менен мамлекет башчыга кайрылган.
Сүрөттө? Алымкадыр Бейшеналиев. Интернет булактарынан.