Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Бейшеналиев келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.
Бейшеналиевдин тарапташтары муну «чагым» деп атап жатышат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш ар тараптуу иликтенерин билдирген.
41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты