Алексей Резников: Украина 100 миллиард доллардай аскердик жардам алды

  • 8 месяцев мурун

2022-жылдын февраль айынан бери эл аралык өнөктөштөр Украинага 100 миллиард долларга жакын аскерий жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников кызматтан кетер алдында «Укринформ» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, колдоонун жарымынан көбү – 60 миллиард долларга жакыны Америка Кошмо Штаттарынан келген.

Батыш саясатчылары Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын жарыялашкан. Киев өнөктөштөрүнөн куралдын жаңы түрлөрүн, анын ичинде орто аралыкка учуучу учактарды жана ракеталарды сурап жатат. Ошол эле учурда айрым эксперттер эгер Киев 2023-жылдагы чабуулдарда байкаларлык ийгиликке жетпесе, аскердик жардам кыскарышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Украинага союздаштардын берген жардамы орус армиясынын жылдык чыгымынан эки эсеге көп. Орусиянын аскердик бюджети 43,5 миллиард долларды түзөт.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты