Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин депутаты мандатына ээ болду
- 3 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Алайбек Алымбаевди депутат катары каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 17-октябрда «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.
Анын ордуна партиялык тизме менен Алайбек Алымбаев мандатка ээ болду.
Муну бөлүшүү