“Ала-Тоо 24” Түркиядагы зилзала тууралуу сюжетинде “Сан-Адреастагы жарака” киносунун үзүндүсүн көрсөткөн (Фактчекинг) 

27-февралда Зулайка Эркимбаева аттуу Фейсбук колдонуучусу УТРКнын карамагындагы “Ала-Тоо 24” каналы Түркиядагы жер титирөө тууралуу сюжетинде фильмдин үзүндүсүн колдонгонун жазып чыккан. 

“Ала-Тоо 24” Түркиядагы зилзала тууралуу сюжетинде “Сан-Адреастагы жарака” киносунун үзүндүсүн көрсөткөн (Фактчекинг) 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

27-февралда “Ала-Тоо 24” каналы “Президент Жапаров” көрсөтүүсү, ӨКМдин эрдиги, англисче сүйлөгөн элчи. Президенттин иш жумалыгы” аттуу сюжет көрсөтүлгөн.

Берүүнүн алгачкы бөлүгүндө Түркиядагы каргашалуу зилзала тууралуу сөз болуп, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияга Кыргызстандан барган куткаруучулар тууралуу айтып берген. 

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров министр Ажикеевди кабыл алып, Түркиядагы куткаруу иштериндеги Кыргызстандын салымы жана келечектеги пландар тууралуу сөз кылышкан.

Сюжеттин 3:59 мүнөтүндө “Түркиядагы зилзала” деген ат менен 3 секундага созулган видео көрсөтүлгөн. 

“Ала-Тоо 24” Түркиядагы зилзала тууралуу сюжетинде “Сан-Адреастагы жарака” киносунун үзүндүсүн көрсөткөн (Фактчекинг) 

Анда кырсыктын кесепетинен жолдун ортосунан кеткен чоң жарака көрсөтүлөт. Бул видеонун Түркиядагы зилзалага таптакыр тиешеси жок. Анткени аталган видео “Сан-Адреастагы жарака” аттуу кинонун үзүндүсү. 

Бул фильмдин сюжетинде да Калифорнияда катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен жүздөгөн адамдар өлөт. Натыйжада Сан-Андреас шаарына жакын жерде чоң жарака пайда болуп, таанылгыс болуп өзгөрүп кеткени көрсөтүлөт. “Ала-Тоо 24түн” сюжетинде көрсөтүлгөн унаа жана жараканын жээгинде турган адамдар тасманын башкы каарманы Рэй Гейнс (Дуэйн Джонсон) жана анын мурдагы жубайы Эмма (Карла Гугино).

Белгилей кетсек, буга чейин “ПолитКлиника” медиасы УТРК жана ЭЛТР мамлекеттик каналдарынын “эксперттери” тууралуу да анализдерди жарыялаган

Түркиядагы Зилзала жана фейк фото-видеолор 

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан 50 миңден ашуун адам каза болуп, он миңдеген киши жаракат алды.

Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча агенттиги AFAD билдиргендей, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Түркиянын Сирия менен чек арага жакын жайгашкан Кахраманмараш провинциясы болгон. 

Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Түркия менен Сириядагы трагедия тууралуу кабар бир нече сааттын ичинде дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарап, көп узабай социалдык тармактарда ар түрдүү сүрөт жана видеолор бөлүшүлгөн. 

Мисалы, YouTube социалдык тармагында Түркия жана Сириядагы трагедиядан көп өтпөй “Жер титирөөдөн улам Түркияда цунами болду 02/06/2023” деген видео бөлүшүлө баштаган. 

“Ала-Тоо 24” Түркиядагы зилзала тууралуу сюжетинде “Сан-Адреастагы жарака” киносунун үзүндүсүн көрсөткөн (Фактчекинг) 

Бирок бул видеонун да Түркиядагы табигый кырсыкка тиешеси жок. Анда 2017-жылдагы Түштүк Африкадагы Дурбан шаарынын жээгинде болгон суу ташкыны көрсөтүлгөн. 

Мындан сырткары, зилзаланын кесепетинен “Түркияда кыйраган үйлөр” деген аталыштагы көптөгөн фото-видеолор интернетке тараган.

“Ала-Тоо 24” Түркиядагы зилзала тууралуу сюжетинде “Сан-Адреастагы жарака” киносунун үзүндүсүн көрсөткөн (Фактчекинг) 

“ПолитКлиника” медиасы Түркиядагы зилзала убагында тараган фейктер тууралуу “Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер” аттуу фактчекингде кеңири баяндаган.

Жыйынтык: “Ала-Тоо 24” каналы Түркиядагы зилзала тууралуу сюжетинде америкалык “Сан-Адреастагы жарака” киносунун үзүндүсүн бергени чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты