Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан 43 миңден ашуун адам каза болуп, он миңдеген киши жаракат алды.

Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча агенттиги AFAD билдиргендей, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Түркиянын Сирия менен чек арага жакын жайгашкан Кахраманмараш провинциясы болгон. 

Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Түркия менен Сириядагы трагедия тууралуу кабар бир нече сааттын ичинде дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарап, көп узабай социалдык тармактарда ар түрдүү сүрөт жана  видеолор бөлүшүлгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы трагедияга байланыштуу таратылган маалыматтарды анализдеп көрдү. 

  1. Анталья шаарындагы цунами 

YouTube социалдык тармагында  Түркия жана Сириядагы трагедиядан көп өтпөй “Жер титирөөдөн улам Түркияда цунами болду 02/06/2023” деген видео бөлүшүлө баштаган. 

Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

Видеодогу диалог башка тилде болгонуна карабастан, кээ бир интернет кодонуучулары бул цунами Түркиянын Анталья шаарында болгонун белгилешкен. 

Чынында аталган видео 2017-жылы 12-мартта интернетке жүктөлгөн. Анда Түштүк Африкадагы Дурбан шаарынын жээгинде болгон суу ташкыны көрсөтүлгөн. 

Ал эми Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча агенттиги AFAD жер титирөөдөн улам цунами болду деген маалыматты четке каккан.

Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

2. АКШ жер титирөөнү жасалма жол менен жасады

10-февралда Фейсбук социалдык тармагынын орусча сегментинде “Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөөнү АКШ жасады” деген видео бөлүшүлө баштаган. 

Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

Анда жер титирөөгө чейин катуу чагылган болгону жана бул НАТО колдонгон сейсмикалык курал болушу мүмкүн деген версиялар айтылган. 

Интернетте бөлүшүлүп жаткан видео бир жыл мурун пайда болгон жана азыркы абалга тиешеси жок. 

Мындан сырткары, окумуштуулардын билдирүүсүнө ылайык, адамдын колу менен жасалган жер титирөөлөр эң терең дегенде 7 кмга чейин жетип, 3.5-4 баллды түзөт. 

Ал эми Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөө болжол менен 18 км тереңдикте болгон. Башкача айтканда, мындай чоң жер титирөөнү жасалма жол менен жаратуу илимий жактан мүмкүн эмес

3. Үйлөрдүн кулаганы жөнүндө дагы фейк видеолор тараган

Түрк бийлиги зилзала катталган 10 провинцияда 170 миң имаратты карап чыккандан кийин 25 миң үй пайдубалына чейин урап түшкөнүн же өтө катуу кыйраганын аныктаган. 

Ушул маалыматтар чыккандан кийин интернет тармагында Түркияга тиешеси жок эски имараттардын ураган видеолору активдүү бөлүшүлө баштаган.

Мисалы TikTok социалдык тармагында “#Turkey” деген хэштег менен кулап жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу чыккан. 

Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

Бирок аталган видео 2021-жылы Кытайда имараттарды бузуу учурунда тартылган видео экенин аныктадык

Башка социалдык тармактарда да “Азыр Түркияда” деген аталыш  менен видеолор бөлүшүлгөн. Бирок алардын кээ бирлери эски жана Түркиядагы окуяларга байланышы жок. 

Мисалы, Твиттердеги эң популярдуу видеолордун бири 1,3 миллион жолу көрүлгөн. Твиттер колдонуучусу Түркиядагы жер титирөөдөн улам бир нече имараттар кулап жаткан видеону бөлүшкөн.

Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

Видео чындыгында 2021-жылы тартылган. Анда Флоридадагы Surfside кондоминиумунун кыйрашы менен 98 адамдын өмүрүн алган окуя чагылдырылган.

4. Урандылар арасындагы ит жана ээси 

Социалдык тармактарда дагы бир сүрөт активдүү бөлүшүлгөн

Түркияда жана Сириядагы жер титирөө. Интернет тармагында тараган эски маалыматтар жана фейктер (Фактчекинг)

Бирок бул сүрөт дагы Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөөдөн 5 жыл мурда, 2018-жылы интернетке жүктөлгөн. 

Жыйынтык: Түркиядагы жана Сириядагы кандуу жер титирөөдөн кийин интернет тармагында эски фото жана видеолор бул окуяга байланыштуу кылып көрсөтүлгөнү чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты