#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

Мамлекеттик бюджеттен каржыланчу Улуттук телерадио корпорациясынын карамагындагы “Ала-Тоо 24” каналы жана мамлекетке караштуу “ЭлТР” телеканалы жаңылыктар түрмөгүндө ар түрдүү темалар боюнча сюжеттерди даярдайт. Ал сюжеттерде сөз болгон маселе боюнча эксперттердин пикири дагы берилет. Биз “Детектор” долбоорунун алкагында дал ушул эки каналда эксперт катары пикирин билдирип жүргөн адамдардын чыныгы ишмердүүлүгүн талдап көрдүк. 

Спортчу, саясат таануучу, энергетика тармагы боюнча эксперт

Жакында эле президент Садыр Жапаров 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа 1 сомго чейин көтөрүлөрүн айтты. Кийин “ЭлТР” телеканалында эксперттердин катарында Актан Ажымамбетов аттуу адам баа саясатын колдоп, өзүнүн пикирин билдирген.

Светти аз жагам десең, эконом кыл, от жаккан печкаларды коюп ал үйүңө, мисалы. Анан мамлекет качан свет берет, газ берет дебей. Мындай мамлекет менен ата-баладай болуп, бир туугандай болуп, эл дагы элүүгө элүү кылып аракет кылышыбыз керек да”, — деген Ажымамбетов. 

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

“ЭлТР” телеканалы Актан Ажымамбетовду саясат таануучу катары дагы көрсөтүп келет. Ал өлкөдө болуп жаткан актуалдуу маселелерге токтолуп, примитивдүү оюн чоң аудиторияга жайылтып келет.

Мисалы, Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын абактагы мөөнөтүнүн узартылганы тууралуу сюжетте Актан Ажымамбетов “бейөкмөт уюм” (НПО) түшүнүгүн чечмелеп берген.

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

НПО кыргызчасы — бейөкмөт. А “бей” деген сөз “жок” деген сөз. Кыргызда “беймаал”, “бейбаш”, “бейубак” дейт го, “бей” деген “жок” деген сөз. А “бейөкмөт” деген “башы жок, ээнбаш” деген эле сөз”, — деген “саясат таануучу”. 

Белгилей кетсек, Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө “бей” башка сөздөр менен бирге айтылып –сыз, эмес деген маани берүүчү префикс экени жазылган. Ал эми “бейөкмөт” сөзүндө, бейден кийин “өкмөт” сөзү келип жатат, демек, бул “өкмөттүк эмес” дегенди түшүндүрөт. 

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

Бул жерде Актан Ажымамбетов серепчи катары кыргыз-өзбек чек арасынын чечилиши жана бул маселени чечүүдө президент Садыр Жапаров акылмандык кылганы тууралуу айтып жатат.

Эртеңки күнү мына Өзбекстан да көбөйөт, Кыргызстан да көбөйөт. Эртеңки күнү суу талаш болгондо мына чек ара коюлган деп […] же биз суунун астын пайдалана албасак, же ага бак тиге албасак, же сууну токтотуп кала албасак, суунун алдынын бизге эч кандай пайдасы жок. Биз бул жерде чоң утушка ээ болдук. Биздин азыркы бийлигибиздин, президентибиздин эң чоң акылдуулугу жана кошуна мамлекетибизде дагы президентибиздин бизге бир туугандай мамиле кылгандыгы, душмандай эмес…бир туугандык кылып… биз азыр экономикалык жактан, башка жактан жабыркап, ызы-чуунун чеңгелинен чыга албай турганда алар деле “жок, андай эмес, мындай, биз силерге 20 миң гектар жерди бере албайбыз. Союз убагында эле өтүп кеткен, союздун доорунда болгондун баары өтүп кеткен” деп туруп деле күчкө салып “мобу Кемпир-Абаддын баары биздики болчу” десе, эч ким эч нерсе кыла алмак эмес да”, — деген Ажымамбетов. 

“ЭлТР” саясат таануучу жана эксперт катары көрсөткөн Актан Ажымамбетовду “5-канал” Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги, каратэ боюнча кара курдун ээси деп тааныштырган.

Ажымамбетов  өзү дагы Фейсбуктагы баракчасында Таймаш спорт федерациясынын төрагасы экенин көрсөткөн.

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

Тарыхчы, математик, ишкер 

“ЭлТР” телеканалында саясат таануучу катары пикирин билдиргендердин дагы бири — Мурат Иманкулов. Ал иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганы тууралуу көрсөтүүдө мыйзам бардыгы үчүн бирдей экенин айткан.

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

Мурат Иманкулов “ЭлТРде” гана эмес, Улуттук телерадио корпорациясынын карамагындагы “Ала-Тоо 24” каналында дагы саясат таануучу катары сүйлөп, “Ала-Тоо” аянтында митинг өткөрүүнү чектөө туура кадам болгонун, нааразы болуп жаткандар “бөйрөктөн шыйрак чыгарбашы керектигин” айтып жатат. 

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

Мурат Иманкулов тууралуу ачык булактарда ал тарыхчы, педагогика илимдеринин кандидаты экени айтылат.

“Ала-Тоонун” жогорудагы сюжетинде Ахунбай Кошоев аттуу дагы бир “саясат таануучу” сөз сүйлөгөн. Ал “Батыштын жаман адаттарын бизге таңуулап, көчөгө чыгып кыйкырыш керек, митингге барыш керек деп Абдирасулова гонорар алган” деп укук коргоочу Азиза Абдирасулованы каралап жатат. Бирок муну тастыктоочу эч кандай далил келтирген эмес. 


Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Ахунбай Кошоев юридикалык билимге ээ, үч жыл университетте эмгектенип, кийин ишкерликке өткөн. Ыр жазат жана Жазуучулар союзуна мүчө. 

“Ала-Тоодо” серепчи катары көрсөтүлүп, бирок адистиги ал пикирин билдирген маселеге тиешеси жок эксперттердин дагы бирөө — Кубанычбек Чекиров. 

Ал Евразия экономикалык биримдигинин ишмердиги тууралуу сюжетте серепчи катары сөз сүйлөп, ЕАЭБ чоң рынок экенин, Орусияга каршы санкция салынганы менен, бул бир жагынан мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айткан.

#Детектор: Бийлик мамлекеттик телеканалдарда псевдоэксперттерди кантип колдонот? 

Биз Кубанычбек Чекиров тууралуу ачык булактардан маалымат издегенибизде анын Бишкектеги университеттирдин биринде эмгектенерин, кесиби боюнча математик экенин таба алдык. 

Саясат таануучу жана эксперт деген ким?

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө (2015) “эксперт — талаш, татаал иш жана маселе боюнча экспертиза жүргүзүп, пикир айтуучу, жыйынтык чыгаруучу атайын билимдерге ээ адис” деп жазылган.

Ал эми саясат таануучу саясат таануу илими менен алектенген адис экени айтылат. 

Ошол эле сөздүккө ылайык, саясат таануу — көптөгөн өлкөлөрдө кабыл алынган ар кандай саясий иштерди уюштурууну, коомдогу саясий жашоону, ички саясий, эл аралык мамилелерди изилдөөчү дисциплина.

Жалпылап айтканда, эксперт дагы, саясат таануучу дагы атайын билимге ээ адистер. Бирок бүтүндөй өлкөгө көрсөтүлүп, элдин маанайына таасир эткен мамлекеттик телеканалдар ишмердүүлүгү пикирин билдирип жаткан маселеге дал келбеген “эксперттерди” пайдалануу менен өздөрүнүн пропагандасын жүргүзүп жатышат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты