Акылбек Жапаров Германиядан кайтып келип, жумушка чыкты

  • 3 жума мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядан кайтып келди. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына министлер кабинетинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн жумушка чыкты.

28-апрелде Жапаров жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деген диагноз менен Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Андан соң ал Германияга дарыланууга учуп кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр