Акылбек Жапаров Германияга дарыланууга кетти
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияга дарыланууга кетти.
Бул тууралуу өздүк булактарынан таянып, 24 kg агенттиги билдирди. Кабарды министрлер кабинетинин маалымат кызматы ЖМКга тастыктады.
28-апрелде Жапаров жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деген диагноз менен Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Андан кийин жумушка чыккан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү