Акылбек Жапаров: 138 млн ашык сом чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 138,4 млн сом чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилгендигин белгиледи.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

«Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз» деди Акылбек Жапаров.

Ал Баткен облусуна бөлүнүшү пландалган 6-8 млрд сомдун 4,1 млрд сомго жакыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түшкөнүн билдирди.  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330,75 млн сом кайрымдуулук жардам катары түшүп, анын 138,4 млн сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 63 кыргызстандык набыт болду.  200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты