Акылбек Түмөнбаев сөзүндө чет элдиктерге карата кастык тилин колдонду (Фактчекинг) 

Бишкектеги 18-майга караган түнү болгон окуядан кийин чет өлкөлүк жүздөгөн студенттер Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишти. 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бул окуя боюнча Super TV каналына комментарий берип, чет элдиктердин өлкөдөн кетип жатканы тууралуу мындай деген:

“Бүгүнкү күндө мына көчөдө көрүп жатасыздар, баягы карала-торала болгондор азайып калды. Буга чейин баштыктарын көтөрүп алып, көрүнгөн жерде жүрдү эле. Парктарыбыз тазарып, өзүбүздүн кыргыз жарандар жүрүп калды. Менин пикирим ошондой”. 

“ПолитКлиника” медиасы Акылбек Түмөнбаевдин сөзүнө анализ жасап көрдү.

Super TV’нын видеосу 

Бишкектеги окуялардан кийин Super TV каналы Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынан комментарий алып, видео жүктөгөн. Анда депутаттар болуп өткөн окуя боюнча жеке пикирин билдиришкен. Алардын арасында депутат Акылбек Түмөнбаев да бар. 

Түмөнбаев Бишкектеги окуядан кийин чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандан чыгып кетиши жана ИИМдин аракети тууралуу пикирин айткан. 

Депутат чет элдиктерге карата кастык тилин колдонгон

Акылбек Түмөнбаевдин комментарийиндеги “карала-торала болгондор”, “баштыктарын көтөрүп алып, көрүнгөн жерде жүргөн” деген сөздөр терс баа берүүчү кастык тили болуп эсептелет. Бул сөздөр расасына карата бөлүп жаруу, кемсинтүүчү, жек көрсөтүүчү мүнөзүнө ээ. 

Баш мыйзамдын 16-беренесине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Акылбек Түмөнбаев сөзүндө чет элдиктерге карата кастык тилин колдонду (Фактчекинг) 

Ал эми 31-беренеде ар ким өз пикирин билдирүүгө укуктуу, бирок улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынары жазылган. Депутат “чет элдиктер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин парктар тазарып калганын” айтуу менен улут аралык кастыкты козутууга себеп болуп калышы мүмкүн. 

Акылбек Түмөнбаев сөзүндө чет элдиктерге карата кастык тилин колдонду (Фактчекинг) 

Демек, Түмөнбаевдин айткан сөздөрү Баш мыйзамдын нормаларына каршы келет. 

“Кастык тили” деген эмне? 

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан классификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн аброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн.

Ар бир адам кастык тилдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Анткени баарыбыз кайсы бир улуттун, кайсы бир гендердик, же социалдык топтун мүчөсүбүз. Азыркы учурда сиз кодулап жаткан адамдар менен бир топко кирип, алардын пикирин кубаттап жаткан болсоңуз дагы, кайсы бир учурда сиздин улутуңуз, гендердик тобуңуз, социалдык тобуңузду жактырбай, кодулаган, андан иренжиген башка топ пайда болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле жийиркенүү, жек көрүү сезиминен пайда болгон кастык тили сөзсүз түрдө аткарылуу ыктымалдуулугуна ээ экенин “Артикль19” уюму белгилейт.

Бишкектеги окуянын чоо-жайы

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар 17-майдын кечинде саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогулган. Алардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн. 

Ички иштер министрлиги окуянын хронологиясын жарыялады.

Бул окуядан кийин Пакистандан келген студенттер массалык түрдө Кыргызстандын аймагынан кете башташты. Алар үчүн Пакистандын бир катар шаарларына атайын рейстер уюштурулду. 

Учурда абал туруктуу. 

Жыйынтык: Депутат Акылбек Түмөнбаев Бишкектеги окуядан кийин чет элдиктерди “карала-торала болгондор”, “баштыктарын көтөрүп алып, көрүнгөн жерде жүргөн” деп сыпаттоо менен кастык тилин колдонду. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты