Акыйкатчы «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады

  • 1 год мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилерине долбоорду чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Жаманбаева эл аралык укуктук нормаларды жана өлкөнүн Баш мыйзамында жазылган адам укуктарын камсыз кылуу үчүн «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине» өзгөртүү киргизүү сунушунан баш тартуу керектигин белгиледи. Акыйкатчынын айтымында, эксперттердин катышуусу менен мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу керек.

Буга чейин бир катар демилгечи депутаттар добушун чакыртып алышкан.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Буга чейин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 27-июнда биринчи окууда каралат деп белгиленген.

27-июнда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде каралат делген ”Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору күн тартибинин кароосунан алынып салынды 

Эксперттердин пикиринде аталган мыйзам долбоору: 

— коммерциялык эмес уюмдарды каттоо процедурасын өзгөртүүгө;

— мамлекеттик органдар тарабынан кошумча көзөмөлдү киргизүүгө;

— “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүгө;

— жарандардын жекелигине жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдар менен «чет элдик өкүлдөргө» кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.

Юристтер аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жана өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишип жаткан уюм катары жаңы укуктук статус киргизип жатканын белгилешет. 

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты