Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы колдоо: президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке кайрылуу  

  • 12 месяцев мурун

Укук коргоочулар, журналисттер жана көңүлкош эмес жарандар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке Кайрылуу катына кол топтоп жатышат.

Кайрылууга 80ден ашык адам кол койгон.

Кайрылууда Жогорку Кеңештеги окуя укук коргоочу институтун жана анын жетекчиси Атыр Абдрахматованы колдоп чыгууга түрткү  болуп жаткандыгы айтылат.  

“Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын Кыргызстандагы адам укугу жана эркиндиги боюнча абал жөнүндөгү баяндамасын угуу процедурасы үзгүлтүккө учурады. Тилекке каршы, бул жааттагы ишти угуп, талкуулоонун ордуна, депутаттар биринчи Акыйкатчы айым Атыр Абдрахматованын баяндамасын өч алуу куралы сыңары мамиле жасашты.  

Аны аягына чейин айттырбай, Конституциялык укуктар жана эркиндиктер, көйгөйлөр боюнча суроо да берилген жок. Баяндаманы талкуулоонун ордуна, Акыйкатчынын отставкасы тууралуу маселе коюлду.  

Бирок Акыйкатчы бул кимдир-бирөөнүн каалоосу эмес, демократиялык, эгемен Кыргызстандын жетишкендиги.  Ал эми баяндама жасоо Конституцияда жана  “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамда айтылгандай, бул ишмердүүлүктүн отчету эмес,  тармактагы жыйылган көйгөйлүү маалымат.  

Демек, баяндаманы угуу депутаттардын милдети болчу, ал эми бул милдетти аткарбай коюу Конституциялык ченемдердин бекемдигине доо кетирет жана парламентарийлердин Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы маселесине доо кетирет”деп айтылат Кайрылууда.     

Кайрылууда Атыр Абдрахматованын Акыйкатчы болуп шайланышы коомчулукта жакшы кабыл алынганы белгиленген. Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп, аялзатынан Акыйкатчы шайланган. Ошону менен бирге эле Акыйкатчы болуп укук коргоочу жана юрист айым шайланган. Атыр Абдрахматова кайрылган ар бир адамдын көйгөйүнө кайдыгер караган эмес. Ар бир учурда жигердүү аракет жасап, өз көз карашын да тайманбай айтып келет.  Адам укугунун, анын ичинде жарандык жана саясий активисттердин, журналисттердин, блогерлердин укуктары бузулганда өз көз карашын билдирип турду,-деп айтылат Кайрылууда.    

Ал эми Атыр Абдрахматова кызматтан алына турган болсо, бул демократияга жана кыргыз коомчулугунун эркин духуна сокку  урулмакчы.  

19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2022-жылга карата өлкөдө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту.
Өз баяндамасында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндөгү” сунуштамалардын аткарылышына токтолду. Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Айрыкча, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы абалга өзгөчө көңүл бурду.
Акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган.

Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында аталган чечим четке кагылды. Ал арада “Ата-Журт- Кыргызстан” парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин регламентинин тиешелүү ченемдерине ылайык, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизди.

Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Добуш берүү учурунда 14 депутат Акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууну туура тапса, 41 депутат каршы чыкты.
“Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын полномочиесин токтотуу чечимин кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты