Активисттерди камакка алуу тууралуу алдын ала чыккан чечим мыйзамга каршы келет (Фактчекинг)

15-июлда таза суу берүү талабы менен Сокулук районунун Селекция айылында түштүк магистраль автоунаа өтүүчү жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер Эртай Исаков жана бейбаштыкка шектүү катары 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу эки жергиликтүү жаран кармалган.

17-июлда Сокулук райондук соту шектүүлөрдү камакта калтыруу чечимин кабыл алган
“Азаттык” Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовду 2 айга камакка алуу чечими түнкү саат 12ден өтүп кабыл алынганын жазды.

Бирок соттун чечими тууралуу пресс-релиз 1.5 саат мурда эле WhatsАpp мессенджериндеги 100дөн ашуун журналист катталган Жогорку соттун Sot.kg тайпасына жөнөтүлгөн. Чечимди Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов жарыялаган. Жаңылыкты бир нече маалымат сайттары соттук отурум баштала электе берүүгө жетишишкен. 

Маалыматты алдын ала тараткан Байыш Байгазинов чечимди Сокулук райондук соту жөнөткөнүн “Азаттыкка” айтты

ПолитКлиника” медиасы соттун мындай чечиминин мыйзамдуулугун текшерип көрдү.

“Жарандык процесстик кодекси”

Кыргыз Республикасынын “Жарандык процесстик кодексинде” соттук процесс кандай тартипте өтүшү керектиги так жазылган. Аталган документтин 14-беренесине ылайык, сот тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угууга, жазуу жүзүндөгү далилдер менен таанышууга жана буюмдук далилдерди кароого, аудио жана видео жазууларды угууга жана көрүүгө милдеттүү.

Активисттерди камакка алуу тууралуу алдын ала чыккан чечим мыйзамга каршы келет (Фактчекинг)

194-беренеде соттук жарыш сөздө тараптар жана алардын укугун коргогон жактоочулар, прокурорлор биринчи сүйлөрү жазылган. Ал эми соңку реплика укугу жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык болот.

Активисттерди камакка алуу тууралуу алдын ала чыккан чечим мыйзамга каршы келет (Фактчекинг)

Алдын ала кабыл алынган чечим мыйзамсыз деп бааланат

Сот тараптардын өкүлдөрүнүн түшүндүрмө, далилдерин уккандан кийин чечим чыгарганы сот залынан чыгып кетет.  Аталган кодекстин 198-беренесинде “чечим ишти териштирүүдөн кийин дароо чыгарылат” деп жазылган. Чечим кабыл алууда соттук процессте айтылган, көрсөтүлгөн далилдер, ырасталган фактылар эске алынышы керек. Мыйзамга ылайык, сот чечимин сот жыйналышында иликтенген далилдерге гана негиздейт. 

Активисттерди камакка алуу тууралуу алдын ала чыккан чечим мыйзамга каршы келет (Фактчекинг)

Жыйынтык: Тараптардын жана алардын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн, далилдерин укпай, отурум баштала электе алдын ала кабыл алынган чечим мыйзамсыз деп бааланат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты