Аксыда мыйзамсыз атылган маралды жиликтеп жаткан адамдардын тобу кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сары-Челек биосфералык коругунда мыйзамсыз атылган бугуну жиликтеп жаткан төрт киши кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан ок атуучу курал табылган эмес, бирок беш жаштагы бугунун териси жана эти далил буюм катары алынган. Учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Марал – Борбор Азияда жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Ал Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген. Маралды аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Эгерде ал кайтарылган корукта атылганы аныкталса, айып пул эки эсе көтөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты